Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каны бар, кан жуккан, канга боёлгон, кан аралаш. Оронуп жатып тердерге, Эчкинин кандуу тери бар («Эр Табылды»). Колго түштүм күнөөсүз, Кубардың кандуу кызыл жүз (Токтогул). Жесе, жебесе да бөрүнүн оозу кандуу (макал). 2. Кан төгүлгөн, кыргындуу, кырылган. Ким акмак, ким акылман экенин кандуу казат көрсөтөт, мырзам! (Турусбеков). Тынчтык күндүн тынбай турган иши бар, Кандуу күндүн камчы тактай изи бар (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Киши өлтүргүч, кан ичкич, мыкаачы, зулум. Качыке селее: кандуу моюндун баласы эмнеге келди? – Мен жөнүндө бирдеме уккандан сообу? – деди ичинен (Сыдыкбеков). В.: Канды моюн. – О, кан күсөгөн канды моюндун баласы! Менин ишиме кийлигишкендей не акысы бар. Мени ала жатайын деген экен го (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жегич, ичкич, алдым-жуттум. Кандуу ооз бөрү болуп, азыр журттун жүзүн карай албай калмакмын да (Сыдыкбеков). – Ай, койчу, ошолорду! Кандуу ооз карышкырлар эмеспи (Укаев). В.: Кандуу тумшук. Оңбоюн жаңы жырткыч кайра кандуу тумшугун матырып, чеңгелин арбайтып ачканын кара (Бейшеналиев).